Бишкекте 80 миң жаран эмдөөдөн өттү

Бишкекте 80 миң жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу студенттер поликлиникасынын башкы дарыгери Минбай Жороев билдирди.

Анын маалыматында, борбор калаада 1-дозаны алгандардын саны 80 миңден ашык болсо, 2-дозаны алгандардын 65 миңге жеткен.

«Жалпы Бишкек шаары боюнча күнү-түнү иштей турган 73 эмдөө пункту ачылып, анын ичинде: үй-бүлөлүк медицина борборлору, соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар. Эмдөө пункттары тууралуу сурап — билүү үчүн (0312) 32-31-27, 32-30-11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот», — дейт ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru