Бишкекте айдоочуларды алдап, унааларын сатып жиберген шектүү кармалды

Бишкекте бир нече кылмыштарга шектүү 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге арыз менен жаран кайрылып, “Нурлан” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Ал 2020-жылдын октябрь айында транспорт каражатын ондоп берем деген шылтоо менен жабырлануучунун «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алып, андан соң изин жашырып качып кеткен. Кийин 5500 АКШ долларына башка бирөөгө сатып жибергендиги белгилүү болгон. 

Андан сырткары, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин карамагында Дастанбеков Нурлан башка автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, өз кызматын сунуштап жаткандыгы жөнүндө видеосу бар.


Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Сотко чейинки текшерүүнү жана иликтөөнү жүргүзүү максатында шектүүнүн өздүгүн, кайда жүргөндүгүн, чөйрөсүн тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга кайрылат, бул жарандан жабыр тарткандар же укукка каршы иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр-бир маалыматтарды билген болсоңуздар төмөнкү телефон номурланына кайрылңыздар: 0507200075,  0700303804 жана ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү -266261. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru