Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарт менен

Бишкектеги арзан баада көмүр саткан кампаларга кайрадан көмүр түшүп, элге таратыла баштады. Эми,3 000 сомдон көмүр алгысы келгендер аны дароо ала албай турганы маалым болду. Алгач тизмеге жазылып, кезеги качан келээрин көзөмөлдөп турушу шарт.

Буга чейин аталган базаларда көмүр калбай калганы айтылган. “Кыргыз көмүр” ишканасы кечээ кампага 300дөн ашык тонна түшүрүлүп, жолдо дагы 707 тонна келе жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, арзан көмүр борбор калаанын Мурманская,1Б/1 көчөсүндө жана Дэн Сяопин, 306/2а дарегинде сатылууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru