Бишкекте аял кишинин жансыз денеси табылды
Бишкек шаарынын Свердлов районунда аял кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, 1-ноябрь күнү саат 10:10до куткаруучулар Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.