Бишкекте балдар аянтчасында жылкылар жайылып жүрөт (ВИДЕО)

Бишкектин Асанбай кичи районунун жашоочулары бүгүн балдар аянтчасында жылкылардын үйүрүн көрүштү.

Видео көп кабаттуу үйдүн терезесинен тартылган. Анда 24 баш жылкыны көрүүгө болот. Бул үйдүн тушунда “Жаннат” мейманканасы жайгашкан.

Жылкылар кайдан келгени азырынча белгисиз. Калаа мэриясы бул боюнча үн ката элек. Эске салсак, 2020-жылы ушундай окуядан соң мал ээсине 3 миң сом айып пул салынган.

Булак: sputnik.kg

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru