Бишкекте балдардын онкологиялык борборунун үчүнчү бөлүмү курулууда
Бишкекте балдар онкология борборунун дагы бир бөлүмүн кура башташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн курулуш жүрүп жаткан жерге капсула салынды. Иш “ Центр Ас-Сафа” борборунун кайрымдуулук фондунун каржылык жардамыны менен жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, бүгүн жалпы аянты 1620 чарчы метрди түзгөн Гематология жана органдарды трансплантациялоо борбору дагы ачылды. Анын эки операция бөлүмү жана реанимация бөлүмү бар.