Бишкекте дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылды

Ленин РИИБдин кызматкерлери изделип жаткан өспүрүм кызды табышты. Бөлүмдүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал кыздын апасы милиция кызматкерлерине 14-сентябрда жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, 2005-жылы төрөлгөн кызы Ж.С. 14-сентябрда саат 07:00 чамасында Ленин районунун аймагындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Ага чейин ата-энеси менен чырдашкан.

Криминалдык милиция жана өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор ыкчам иштерди жүргүзүп, өспүрүм кызды 17-сентябрда саат 18:00 чамасында табышты. Профилактикалык иштер жүргүзүлүп, учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru