Бишкекте дезинфекциялоочу кабиналар орнотулган жайлардын дареги белгилүү болду

Бишкекте жөө адамдарды жана автотранспортту дезинфекциялоочу тоннелдер орнотулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кабина Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында орнотулуп жатат. Дезинфекциялоочу тоннель саатына 1 литр суюктук сарптайт. Суюктуктун курамында этиль спирти, суу жана глицерин бар, ал адамдын ден соолугуна зыян эмес. Ал эми унаалар үчүн антисептикке хлор кошулат.

Эскерте кетсек, тоннел жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан жана коронавируска каршы күрөшүү максатында мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru