Бишкекте ди-джейди өлтүргөн жаран колго түштү

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү адам кармалды, деп билдирди 2-мартта Бишкек ШИИБ.

25-февраль күнү саат 00:40 чамасында полицияга Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу батирде бир адам атып өлтүрүлдү деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барган. Сөөктү кароодо соттук-медициналык эксперттер ок жүрөккө тийген деп тапкан.

Каза болгон адам 1983-жылы туулган С.Д. Өздүк булактардын  айтымында, ал адам ди-джей болгон, ди-джей Каспер деген ат менен чыгып жүргөн.

Бул факт ERPPде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен катталган.

Свердлов РИИБинин жана Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү адам кармалды.  Ал  1984-жылы туулган Л.В болуп чыкты.  Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.