Бишкекте эл аралык дүйнө элдеринин эпостор фестивалы өтөт

22-25-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, “Арт Араба” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

Аталган эл аралык фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги дүйнөлүк эпикалык мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары 2006-жылы негиздеген. Фестиваль Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.

“Фестиваль дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт. Учурда фестивалга 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru