народный

Бишкекте Энелер күнүндө көп балалуу энелерге 1000 сомдон жөлөк пул берилет

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туура келет.

Майрамга байланыштуу Бишкек шаарындагы райондук администрациялар 865 энеге бир жолку акчалай жардам көрсөтүшөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алардын катарында:

  • «Баатыр-Эне», «Эне-Даңкы» ордендери менен сыйланган 865 көп балалуу энеге;
  • Үч жана төрт эм төрөгөн энелерге;
  • Ошондой эле 5 балалуу жана «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган аялдарга жардам көрсөтүлөт.

Алардын баары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турушат.

Почта бөлүмдөрү аркылуу 1000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөрүндө алса болот.

Мындай төлөмдөрдүн жалпы суммасы 865 000 сомду түзөт.

Ошондой эле Баатыр энелерге белектерди тапшыруу, үйлөрүнө зыярат кылуу менен майрамдык иш-чаралар уюштурулууда.

Жалпысынан майрамдын урматына материалдык колдоо көрсөтүүгө 1 млн 277,5 миң сом каралган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru