Бишкекте Финляндияга виза алууда жардам берем деп убада кылган алдамчы кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери республиканын жарандарына Финляндияга виза алууда жардам көрсөтүүнү убада кылган 40 жаштагы аферистти кармады. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. «Укук коргоо органдарына үч жаран кайрылды. Жабырлануучулардын айтымында, алардын ар бири шектүү аялга виза алууда жардам берүү үчүн 24 миңден 35 миң сомго чейин акча беришкен. Алдамчы 15 жумушчу күндүн ичинде виза берүүнү убада кылган. Бирок, акчасын алып, ал дайынсыз жоголгон », – деп билдиришти ШИИБден. Кармалган адам борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү кылмышкердин аракетинен жапа чеккен жарандардан 0706233306, 0552102474 жана 102 телефондору аркылуу байланышууну суранышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru