Бишкекте күзгү бак-дарак отургузуу сезону башталды

Бүгүн Бишкекте күзгү бак-дарак отургузуу сезону башталды. Бул тууралуу «Бишкекзеленхоз» ЖКнын кызматкерлери  билдиришти.

Алардын айтымында, алар буга чейин Кара-Жыгач турак жай конушунун жанындагы Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка акациянын 80ден ашуун көчөттөрүн отургузушкан.

Бишкек шаарынын чыгыш бөлүгүндө Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтовго чейин 80 каталпанын көчөтү отургузулду. Буга чейин бул жерде өсүмдүктөрдү сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн сугат лотоктору жасалып келген. Жердин деңгээлин түшүрүп, таштандыларды жана таштарды алып чыктык. Ага чейин “Бишкекзеленхоздун” кызматкерлери бутактарды санитардык кыркуу, бак-дарактардын таажыларын көтөрүү жана авариялык көчөттөрдү алып салуу иштерин жүргүзүшкөн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru