Бишкекте кезектеги митинг: нааразычылык акциясына мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышууда

Майыптар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр Өкмөт үйүнө билим алуу, дары-дармек жана турак-жай үчүн жеңилдиктерди берүү өтүнүчү менен кайрылышты.

«2017-жылы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга дары-дармек, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, электр энергиясы жана башкалар үчүн 50 пайыздык жеңилдик каралган мыйзам чыгып, кийинчерээк жокко чыгарылган. Майыптык жөнүндө күбөлүк берилгени менен Саламаттыкты сактоо министрлигинде кабыл алынбайт. Документтерде биринчи топтогу майыптар үчүн дарыланууга 100 пайыз, экинчисине 50 пайыз жеңилдик каралган, бирок чындыгында андай эмес”,- деп нааразычылыгын билдирди, биринчи топтогу майып Мадияр Мусуралиев.

“Элет Көйгөйү” коомдук бирикмесинин мүчөсү Сара Айым мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарттын жоктугуна нааразы болду.

Митингчилер ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак-жай берүүнү талап кылышууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru