Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тарых музейи пайда болду

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залынын жана тарых музейинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Өзүнүн түзүлгөн 80 жылынын ичинде билим берүү мекемеси 40 миңден ашуун квалификациялуу адистерди даярдап чыгарды. Бүгүнкү күндө Медициналык академия медициналык кадрларды, анын ичинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдү даярдоо үчүн мамлекеттик буйрутмаларды аткарат. Окуу процесси үч (кыргыз, орус жана англис) тилдерде жүргүзүлөт», – деди Эльвира Сурабалдиева.

“Дарыгер бул өтө асыл жана адамгерчиликтүү кесип. Ал үчүн бейтапты аяй билүү, ага сүйүү менен мамиле жасоо, бирөөнүн бактысыздыгына кайдыгер карабоо керек. Сиздин талыкпаган эмгегиңиздин, анын ичинде кызыл зонада, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калдыңыз”-деп кошумчалады ал. Вице-премьер-министр мекендештерди санитардык-гигиеналык талаптарды, анын ичинде маска режимин жана социалдык дистанцияны так сактоого чакырды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.