Бишкекте мамлекеттик номери жасалма унаанын айдоочусу кармалды

Бишкекте мамлекеттик номери жасалма унаанын айдоочусу кармалгандыгы тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери Toyota Land Cruiser унаасын токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочу А.Э. жасалма номери менен жүргөндүгү такталган. Унаа адистештирилген унаа токтотуучу жайга жайгаштырылып, айдоочу Свердлов районунун ИИБнин тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru