Бишкекте мамлекеттик номери жок Тойотанын айдоочусу кармалып, айып пул салынды

Бишкекте мамлекеттик номери жок унаанын айдоочусу кармалып, айып пул салынды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 Маалыматка караганда, кызматкерлер Toyota Highlander унаасын токтотушкан. Текшерүү учурунда айдоочу унааны мамлекеттик каттоосуз айдап жүргөнү аныкталды.

Унаа атайын токтоочу жайга коюлган. Айдоочуга Бузуулар кодексинин 121-беренеси боюнча 10 миң сом айып салынды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru