Бишкекте медициналык ыктыярчылардын штабы ачылды

Бишкекте ыктыярдуу дарыгерлердин жана ыктыярчылардын республикалык штабы ачылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка  караганда, штаб мекендештерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 20 ыктыярдуу кыймылдарды, 15 коомдук фонддорду, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдарды бириктирди.

“Бул жерде көрсөтүлгөн жардамдын түрүнө ылайык ыктыярчылардын бирдиктүү базасы түзүлдү: медициналык ыктыярчылар, ыктыярдуу айдоочулар, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар. Штабда алар жолугушуп, уюштуруу маселелерин чечип, биримдикте иштей алышат », – деп билдирди мэрия.

Бир айдын ичинде муниципалитет менен фонддордун, уюмдардын, кыймылдардын ортосунда мындан аркы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Штаб Ибраимова көчөсү, 100 дарегинде (Киев көчөсү менен кесилишет) жайгашкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru