народный

Бишкекте мектептер менен бала бакчаларга пандус орнотууга акча бөлүндү

Бишкектин жүзгө жакын мектепер менен бала бакчанын кире беришине пандус орнотулат. Бул боюнча Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык бул үчүн шаардык бюджеттен 4,5 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул акчага 51 мектепте жана 37 бала бакчада пандус курулат.

Айрым укук коргоочулар белгилегендей, Бишкектеги имараттардын 97% майыптарга ыңгайлашкан эмес.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын 30 миңге жакыны 18ге чыга элек.

Майыптардын айтымында, республикада 2008-жылы кабыл алынган «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам дээрлик иштебейт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru