Бишкекте мектептер онлайн окутууга өтөбү? Вице-мэрдин жообу

Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечиле турганын Sputnik агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Ал Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатканын айтты.

“Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз”, — деди Мозгачева.

Өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru