народный

Бишкекте натыйжасыз иштеген мектеп жана бала бакчалардын директорлору алмаштырыла баштады

Бишкекте натыйжасыз иштеген директорлорду 10 күндүн ичинде алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси Нурсултан Кубанов билдирди.

«Биздин анализдин жыйынтыгына ылайык, 10 күндүн ичинде биз он мектептин, ошондой эле борбордогу беш бала бакчанын директорлорун акырындык менен алмаштыра баштайбыз. 10-15 жыл ордунда отуруп, эч кандай жыйынтык көрсөтпөгөндөр көп. Бизге жаңы жүздөр, жаңы көз караштар керек », – деди ал.

Ошондой эле мэрдин кеңешчиси эртең борбор калаадагы эки мектептин директорлору ээлеген кызматынан бошотуларын баса белгиледи. Бирок, кайсынысы экендигин так айткан жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru