народный

Бишкекте онлайн сабак окугусу келбеген окуучу кабат үйдөн боюн таштады

Бишкекте 10 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Бала өз жанын кыйганы такталды. Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 17-кабатындагы батирдин терезесинен секирип кетти. «Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 10 жаштагы Д.Д.нын жансыз денесин табышкан. Факт КЖБРда катталган. Сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бардык керектүү экспертизалар дайындалды », – деп билдирди ШИИБ. Алдын ала маалыматтар боюнча, суицидге аралыктан окуу көйгөйлөр себеп болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru