народный

Бишкекте парламенттик демилгеге каршы тынч жүрүш өтөт

Бишкекте Конституция үчүн тынчтык маршы өтөт. Бул тууралуу активисттер билдиришти.

Алардын ою боюнча, элдин унчукпаганынан  жана аракетсиздигинен улам Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкты, ал башкаруу формасын өзгөртүүнү, сөз эркиндигин чектөөнү жана ксенофобияны жайылтат.

“Андан тышкары, мыйзам боюнча ыйгарым укуктары октябрь айында аяктаган Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо менен бирге Негизги Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштап жатышат”, – деп активисттер нааразы болушууда.

Буга байланыштуу “Башта” кыймылынын мүчөлөрү өзгөчө тынчсыздануусун билдирип, баардыгын референдумга каршы биригүүгө чакырышты.

Тынчтык жүрүшү 22-ноябрда болот. Акция Линейная көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги Темир жол станциясында саат 12.00дө башталат. Андан кийин жөө жүрүштүн катышуучулары бульварды бойлоп, парламент имаратын көздөй жөнөшөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru