Бишкекте социалдык дарыкана ачылат

Бишкек шаарында, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин студенттик жатаканасынын базасында жайгаштырылган “Дем” медициналык ыктыярдуу ооруканасынын аймагында биринчи социалдык дарыкана ачылат.

Активист жана “SOS” жаштар кайрымдуулук уюмунун негиздөөчүсү Бекжан Маликовдун айтымында, бейтаптар жана шаар тургундары социалдык дарыканадан дары-дармектерди өз баасында ала алышат.

“Мындай чечим COVID-19 эпидемиясынын биринчи жайылышы учурунда жарандарга дары-дармектин  жетишсиздигинен жана алардын баасынын жогору болушунан келип чыккан көйгөйгө байланыштуу кабыл алынды”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru