Бишкекте Тойота Камри унаасын тоноого аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте башка бирөөнүн унаасын ачкан шектүү кармады. Ал адам унаанын ичинен башка бирөөнүн мүлкүн уурдап кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ таңкы саат 4.20 чамасында милиция кызматкерлерине Тыныстанов жана Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Тойота Камри унаасын бир адам ачып жибергендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Тинтүү учурунда 56 жаштагы шектүү кармалып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Факты КЖБРга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 90-беренеси “Анча чоң эмес өлчөмдө уурдоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru