народный

Бишкекте уурулар турак үйдөн акча жана алтындар катылган сейфти уурдап кетишти – видео

Бишкекте турак үйдөн акча жана алтындар катылган сейфти уурдоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-майда шаардык тургуну А.Т. арызы менен кайрылып, ушул эле күнү саат 17:30 чамасында “Ынтымак” конушундагы үйүнө кирип, 10 миң доллар, алтын зер буумдар, төрт үйдун документтери жана техникалык паспорту жана травматикалык тапанчасы катылган сейфти уурдап кеткендерге карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Ленин райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) менен каттоого алынган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, кармалды. Алар 31 жаштагы М.Э. жана 36 жаштагы К.Н. болушкан.

Учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тийиштиги бар же жогун аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru