Бишкекте уурулукка шектелген 19 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү 19 жаштагы  кыз кармалды. Бул тууралуу  Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

 5-ноябрда эртең мененки саат жетилер чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан кафеге келген коноктун акчасын уурдап кеткендиги тууралуу укук коргоо органдарына билдирүү келип түшкөн.

 Окуя болгон жерге Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери барышкан.  Жабырлануучунун айтымында, белгисиз адамдар анын 18 миң сомун уурдап кетишкен.

 Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.В. кармалып, биринчи май РИИБге жеткирилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru