Бишкекте жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылыш аземи болуп өттү-(фото)



Бишкекте 100 орундуу эксперименталдык алдын-ала жасалма инфекциялык оорукананын ачылыш аземи болуп өттү. Оорукананын курулушу 2020-жылдын 25-июлунда башталып, 100 орунга ылайыкталган. Аталган объект Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен каржыланган; курулуш башталгандан бери 77,5 миллион сом каржыланган.