Бишкекте жасалма номур менен жүргөн айдоочу кармалды

Бишкекте жасалма номур менен жүргөн  дагы бир айдоочу кармалды.  Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  Патрулдук милиция кызматынын  кызматкерлери жол эрежесин бузгандыгы үчүн Toyota Land Cruiser автоунаасын 7-апрель жана Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен токтотушкан.

 19 жаштагы айдоочу жасалма  номур менен рулда отургандыгы, ал эми чыныгы сандар унаанын ичинде экендиги аныкталды.

 Унаа унаа токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочусу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru