народный

Бишкекте жеңил унаа күйүп кетти (ВИДЕО)

Бишкекте 7-кичирайондо жеңил автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу 7-кичирайондогу № 44 үйдүн жанында токтоп турган Фольксваген пассат үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен өрттөнүп кетти.

Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт өчүрүлгөн. Күйүп кеткен унаанын ээси шаар тургуну Р.Е.,ге таандык болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru