Бишкекте жер төлөөдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланды

Бишкекте жер төлөөдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланган, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Ленин районунун К.Акиев көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таштанды жана кийим-кечелер күйүп, 1960-жылы туулган К.А. аттуу жаран иске ууланган.

Белгиленгендей, жабырлануучуну тез жардам кызматы алып кеткен, абалу туруктуу.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru