Бишкекте жер төлөдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты

Бишкек шаарындагы кичи райондордун бириндеги жер төлөдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
“Чыгыш-5″ кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таштанды күйгөн. Ал жерден эркек кишинин сөөгү табылды. Учурда анын ким экендиги, аты-жөнү такталууда”, — деп айтылган маалыматта.
ӨКМ кызматкерлери маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп берген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru