Бишкектеги 3 социалдык балдар мекемеси тамак-аш азыктары менен камсыздалды
Бишкек шаарындагы 3 социалдык балдар мекемеси тамак-аш азыктары менен камсыздалды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды координациялоо максатында түзүлгөн Башкы штаб Бишкек шаарындагы 3 социалдык балдар мекемесине – Жашы жете элек балдарды реинтеграциялоо борбору, Балдарды коргоо борбору жана Бүтүрүүчүлөр үчүн социалдык жатаканасына тамак-аш азыктарын берди.