народный

Бишкектеги базарлардын биринде эки жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, борбор калаада, Сары-Өзөн базарында ичинде 5 тонна кызылча жана 500 кг түрп  бар КамАЗ өрттөнуп кетти. Ошондой эле,  “Газель” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичи жана эки дөңгөлөгү күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Аламүдүн районунда Таш-Дөбө айылында (Воронцовка) Фольксваген Транспортер үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru