Бишкектеги гей-парад чет өлкөлүк жарандардын коштоосунда өттү

Бүгүн, 8-мартта Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Алтын Капалова, Улан Үсөйүн аттуу активисттер тарабынан даярдалган гей-парад жүрүшүн өткөрүү аракети көрүлдү.
Алардын аракетине шаар тургундары каршылык көрсөтүп, бир топ калпакчан балдар чогулгандарды кууп салышты. ЛГБТ өкүлдөрү менен калпакчан жигиттердин ортосундагы тирешти милиция кызматкерлери жөнгө салып, жүрүшкө чыккандарды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып кетишти.

Белгилүү болгондой, митингге жергиликтүү ЛГБТ, активисттерден тышкары чет өлкөлүк жарандар дагы катышып, сүрөткө тартып жүрүштү.

Бул иш-чара Равшан Жээнбековдун “Некс.ТВ” телеканалы аркылуу түз алып көрсөтүлдү.

ЛГБТ өкүлдөрү милиция жардам бербегенин айткан болчу, милиция кызматкерлери уюштуруучулар тарабынан коомдук көзөмөл кылуу үчүн кат менен кайрылуу болбогонун билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru