народный

Бишкектеги илдетти жуктуруп алгандар менен 60 жакын тууганы жана 204 бирге иштеген дос-тааныштары байланышта болгон

Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алган 25 адам бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында шаар мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Илдетти жуктуруп алгандар менен 60 жакын тууганы жана 204 бирге иштеген дос-тааныштары байланышта болгон. Белгилей кетсек, илдетти жуктуруп алгандардын ичинен таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин кошо ооруткан. Ошондой эле бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган”, – дейт ал.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен 19у дарыгерлер. Ошондой эле илдеттен 33 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru