Бишкектеги кудуктан кишинин сөөгү табылды
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагынан, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги кудуктун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жерине ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылып, сөөктү алып чыккан. Маркум 41 жаштагы А.Ж. аттуу жаран экендиги аныкталып, аны куткаруучулар милицияга өткөрүп беришкен.
