Бишкектеги мектептер онлайн окууга өттү

Бишкектеги мектептер бир нече күнгө онлайн окутууга өтүштү. Айрым билим берүү мекемелер бүгүн, 25-ноябрдан тартып башташты, башкалары эртең жана ишемби күнү үйдөн окушат.

Бирок бул чаралар борбор шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга жана коронавирус же ОРВИ менен ооругандардын көп катталышына байланыштуу эмес. Шайлоо участоктору жайгаша турган муниципалдык мектептер 28-ноябрда өткөрүлө турган парламенттик шайлоого даярданышат.

Белгилей кетсек, адатта окуучулар шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү окушчу эмес. “Шайлоонун алдында сабактан бошотулганы эсибизде жок” дешти айрым ата-энелер.

Булак: Кактус медиа

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru