Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды

Бишкектеги Олимпиада оюндарына лицензия бере турган күрөш боюнча мелдеш өтпөй калды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-29-мартта Бишкек шаарында өтмөк.

Мындай чечимге коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарашы себеп болгон. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун жетекчилиги астында өткөн ыкчам жыйында аталган мелдешти өткөрбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Эскерте салсак, буга чейин күрөш боюнча мелдеш Кытайдан Кыргызстанга жылдырылган болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru