Бишкектеги сейил бакта эркек киши асынып алды
Бишкектин Биринчи Май районунда сейил бактан асынып алган адам табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Ала-Арча жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактан 48 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумду милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.