Бишкектен индус улутундагы адамдын жансыз денеси табылды. Ал Кыргыз жараны болгон

Бишкектен индус улутундагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

“Бүгүн, 14-январда саат 12:30да Свердлов РИИБине Ибраимов көчөсүндө белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин тергөө ыкчам тобу барып, денеге сырттан кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Ал 1962-жылы туулган Б.С. аттуу индус улутундагы Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru