Бишкектиктер өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучунун олутуулугун сезбестен, өзгөчө муктаждык жок эле көчөгө чыгышууда

Бишкекте жашоочулар карантинге карабастан, өзгөчө муктаждык жок эле көчөгө чыгууда. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, кечээ өкмөт укук коргоо органдары жана шаар коменданты менен биргеликте адамдардын кыймылына көзөмөлдү күчөтүүнү чечти.

“Бүгүндөн тарта шаар боюнча 410 жөө патруль кыдырууда. Алар тамак-аш, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалат. Бишкектиктер өлкөдө коронавирустун жайылуу коркунучунун олутуулугун сезбестен, өзгөчө муктаждык жок эле көчөгө чыгышууда”, – деди Боронов.

Булак: Кабар агенттиги

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru