Бишкектин айрым райондорунда төрт күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 29-ноябрдан 2-декабрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Минск-Республика көчөлөрүнүн кесилишинде 1979-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүнө жаратылыш газынын агып кетишин жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-Черепки, 7705-аскер бөлүгүнүн отканасы, Жибек Жолу көчөлөрүнүн участоктору менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү токтотулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru