Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

25-февраль жана 27-февраль күндөрү Бишкектин айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Жеңиш” суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөр тармагында оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу эртең, 25-февралда саат 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш жаңы конушунда ичүүчү суу берүү токтотулат.

Мындан тышкары, 27-февралда «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» суу алуучу жайларында оңдоо иштери жүргүзүлүүсүнө байланыштуу «Мурас-Ордо», «Калыс Ордо» жаңы конуштарында, ошондой – № 86 мектеп; № 86 башталгыч мектеп; «Калыс-Ордодогу» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; «Мурас-Ордодогу» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу; «Бактылуу Балалык» жеке бала бакчада саат 9:00дөн 16:00гө таза суу токтотулат.

Эскерте кетсек, суу токтотулган мектептер жана бала бакча иштебейт. Ал эми медициналык мекемелер штаттык режимде иш алып барат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru