народный

Бишкектин чок ортосунда эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкектин чок ортосунда эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.Бүгүн, 11-январда, саат 15:50 чамасында 102 кызматына билдирүү түшүп, Киев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин сөөгү жатканы тууралуу кабарланган.

Милиционерлер анын өздүгүн тактаган. Көз жумган киши 1966-жылы туулган Ы. Н. экени белгилүү болгон. Анын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери байкалган эмес

.Аталган факты Ленин РИИБдин автоматташтырылган маалыматтык журналына каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru