Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев окуучу кыздын айынан сынга кабылды

Кечээ, Бишкек шаарында жаңы технологиялык мектептин ачылуу аземи болуп өттү.
Иш чарага Бишкек шаарынын вице-мэрлери Жамалбек Ырсалиев менен Айжан Чыныбаева да катышкан.
Имараттын кызыл тасмасын кыркуу учурундагы сүрөттөн башына суусар тебетей, калың пальто кийген жетекчилердин артында, жука улуттук көйнөк менен турган окуучу кыздарды байкоого болот. Бул сүрөт интернет желесинде желдей тарап, шаар жетекчилигин сынга алышууда.
Алардын бири, мурдагы мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

“Кичине кей кыздарды тоңдуруп эмне мынча таш боордук, кокуй? Бала бакчаларды ачалбай, жоопкерчиликти алгандан качасыңар, бирөөнүн баласын үшүткөн не тамтык?”- деп фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru