“Биз кредитти төлөбөйбүз!, банктар батирлерди албасын” өкмөт үйүнүн алдында кайрадан митинг

20дай адам Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. «Биз насыялык мунапыс жарыялоону жана жеке жактардын банкроттугу жөнүндө мыйзам кабыл алууну талап кылабыз. Банктар бизди жалгыз үйүбүздөн ажыратпасын. Коронавирус пандемиясы чоң из калтырды. Биз чыдагыс сумманы төлөй албаган карапайым адамдарбыз, анткени азыр кризис башталды, банктар бизден карыздарды төлөп берүүнү талап кылып жатышат », – дешти нааразычылык акциясына чыккандар. Буга чейин «Дордой» базарынын соодагерлери Өкмөт үйүнө келишкен, алар бийликтен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында калган товарларын жеткирүүгө көмөктөшүүнү талап кылышкан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru