народный

Блоггерди түз эфир учурунда күйөөсү өрттөп өлтүрдү

Тибеттик блогер Лхамону өз үйүндө, ашканасында түз эфир учурунда өрттөп кетишти. Бул тууралуу New York Times билдирди.

30 жаштагы аял Douyin баракчасында (TikTokтун аналогу) түз эфирге чыккан. Аны 400дөн ашуун адам көрүп жаткан кезде күтүлбөгөн жерден бөлмөгө бир адам кирип келген, андан кийин Лхамонун кыйкырган үнү угулуп түз эфир үзүлүп калган.

Полициялардын билдирүүсүндө шектүү адам катары Лхамонун мурунку күйөөсү болуп чыкты. Тергөө иштери боюнча, ал бөлмөгө чуркап кирип, блогерге бензин чачып, өрттөгөн. Лхамого кол салуу 2020-жылдын сентябрь айында болгон, бирок ММК окуяны ноябрдын ортосунда гана чагылдырууда.
Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин блогердин эжеси Долма ооруканада бир тууганын көрүп, ал араң дем алып жатканын айткан. “Анын дээрлик бардык денеси көмүргө окшоп күйүп калган”, – деди Долма журналисттерге. Эки жумадан кийин Лхамо ооруканада көз жумган.

Ал күйөөсү менен март айында ажырашып кеткен. Күйөөсүнөн эки уулдуу болгон. Ажырашкандан кийин күйөсү балдарын өлтүрөм деп коркуткандыктан аял полицияга кайрылган, бирок укук коргоо кызматкерлери кайрылууну көңүлгө албай, Лхамо кайрадан ага турмушка чыгууга аргасыз болгон.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин, күйөөсү Лхамого кол салган. Лхамо полицияга кайрылып, бирок эч кандай жардам алган эмес. Аял ажырашууга кайрадан арыз жазып, жай бою андан жашынып, тоодо жашап жүргөн. Бензин өрттөнүүдөн эки күн мурун ал социалдык тармактарда үйүнө кайтып бара жаткандыгын айткан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru