Бокс боюнча Азия чемпиону Гузал Исматова каза болду

Өзбекстанда 22-февралда аялдар арасында бокс боюнча Азия чемпиону Гузал Исматова олуттуу онкологиялык оорудан көз жумганын Өзбекстандын Бокс федерациясы билдирди.

Бокс боюнча аялдар арасында Азия чемпиону жана Өзбекстандын көп жолку чемпиону Гузал Исматова акыркы бир жыл ичинде оорусуна байланыштуу мелдештерге катышкан жок.

Спортчу оор салмакта (+81 кг) күч сынашчу. 2013-жылы облустук биринчиликте биринчи орунду ээлесе, 2014-жылы өлкө чемпионатында Өзбекстандын чемпиону болгон.

2017-жылы Гүзал Исматова Азия чемпионатында Вьетнамдан келген атаандашын жеңип, континенттин чемпиону болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.