Болот Назаров: “Өзүңөр уюштурган бульбулятор, өзүнчө эле болду го күлкүлятор”

Белгилүү төкмө акын Болот Назаров күч кызматкерлери тарабынан кармалып, андан кийин үй камагына чыгарылганы боюнча пикирин айтты.

“Периште эмес пендесиң деп катардагы,

Башыңды көтөр деди атам дагы.

Жекелей берсин фейк, тролдор,

Жемкорлор, жегениңди айтам дагы.

Заң-закончу жандардан запкы тартсам,

Залкар элим бар экен баштан сылаар.

Мени сүйүп, күйүп жүргөн агент кыздын,

Минтерин билбептирмин акыр бир күн.

Өзүңөр уюштурган бульбулятор,

Өзүнчө эле болду го күлкүлятор.

Көчүк аңдып жүргөнүңөр айтып турат,

Көчүккө да айланып кетерлигиң.

Бир эмес, бир нече ирет ырастадың,

Беделиң белден ылдый экендигин…” деп ыр түрүндө пикир айткан төкмө акын, мындан ары деле жемкорлордун жегенин айта берээрин белгиледи.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru